Улуттук агенттик критикалык минералдар тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулады
16 октябрь

Улуттук агенттик критикалык минералдар тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулады

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Eurasia Critical Minerals Organisation уюмунун башкы директору Рос Ланд жана Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар критикалык минералдар тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн багыттарын, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өздөштүрүү жана өнүктүрүү жаатындагы потенциалын талкуулашты.

Мээримбек Койчуманов өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, тармакты өнүктүрүүнүн келечеги жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалыматтар менен бөлүштү. Ошондой эле тараптар эл аралык өнөктөштөр менен өз ара кызыкчылык жараткан кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттарын карап чыгышты.

Жолугушуунун катышуучулары мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана потенциалдуу инвесторлордун ортосундагы конструктивдүү диалогдун маанисин белгилешти. Эл аралык кызматташтык, тажрыйба алмашуу жана алдыңкы тажрыйбаларды киргизүү тармакты өнүктүрүүгө, анын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга жана туруктуу экономикалык өсүш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болору белгиленди.

Жыйынтыгында тараптар диалогду улантууга, кызматташтыктын келечегин мындан ары изилдөөгө жана критикалык минералдар тармагында өз ара пайдалуу демилгелерди жана инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.