Сары-Жаз дарыясында эки көпүрө курулуп, жээктери бекемделет
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев бүгүн, 16-октябрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында Ак-Суу районундагы Сары-Жаз өрөөнүндө жүрүп жаткан курулуштардан кабар алды. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Учурда өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Сары-Жаз дарыясынын кооптуулук жараткан үч тилкесинде жээк бекемдөө жумушу жүрүүдө. Дарыянын бекемделип жаткан нугунун жалпы узундугу 930 метрди түзөт.
Мындан тышкары ӨКМ тарабынан Сары-Жаз дарыясынын нугуна 2 көпүрөнүн курулушу жүрүүдө. Учурда бетон иштери аяктап, толугу менен ушул жылдын ноябрь айында курулушту бүтүрүү мерчемделген.
Белгилей кетсек, ӨКМ тарабынан Сары-Жаз дарыясына буга чейин "Зайнулин" жана "Ак-Үңкүр" көпүрөлөрүнүн курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.
Ошондой эле, Канатбек Чыныбаев Ак-Суу районундагы "Ала-Тоо резорт" тоо-лыжа базасында курулуп жаткан кар көчкү станциясынын курулушунан кабар алды. Кар көчкү станциясы туристтик аймакта аба ырайын аныктап жана коопсуздукту сактоого шарт түзөт.
