Кыргызстан менен Армения бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту
17 октябрь

Кыргызстан менен Армения бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту

Бүгүн, 17-октябрда, Ереван шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Армения Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-армян кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Кабыл алынган документтердин тизмеси:

  • Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаров менен Армения Республикасынын Премьер-министри Н. Пашиняндын биргелешкен билдирүүсү;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын сапарлары жана жүрүү тартиби жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасы менен Армения Республикасынын ортосундагы 2027–2029-жылдарга кызматташуу жөнүндө жол картасы;
  • Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Армения Республикасынын Билим берүү, илим, маданият жана спорт министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Армения Республикасынын Билим берүү, илим, маданият жана спорт министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндөмеморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Армения Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосундагы Ысык-Көл жана Севан көлдөрүн сактоо боюнча кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Армения Республикасынын Эмгек жана бакубаттуулук министрлигинин ортосундагы Пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Армения Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандуму;
  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен Армения Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
  • Бишкек шаары (Кыргыз Республикасы) менен Ереван шаарынын (Армения Республикасы) ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө макулдашуу.