200дөн ашуун жарандын арызы: алдамчылыкка шектелген мурдагы айыл өкмөт башчысы кармалды
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан Достук айыл өкмөтүнүн карамагындагы жер тилкелерине байланыштуу жарандардын арыздарынын негизинде алдамчылыкка шектелген мурдагы айыл өкмөт башчысы жана кызматкери кармалды.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары, ушул эле жагдай боюнча 185 ашуун жарандан арыз түшкөн. Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Н. жана С.К. аттуу мурдагы айыл өкмөт башчысы жана кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалышкан.
Азыркы учурда, аталган иштин жагдайларын ар тараптуу жана объективдүү изилдөө, ошондой эле иш үчүн маанилүү болгон бардык жагдайларды аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
