президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
17 октябрь
Ала-Бука районунда жөө өтмөк көпүрөнүн курулушу аяктап калды
Ала-Бука районунун Айры-Там айыл аймагына караштуу Савет-Сай айылында жөө өтмөк көпүрөнүн курулушу аяктоо алдында турат.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, көпүрөнүн узундугу 57 метрди түзөт.
Курулуш иштери райондук өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен каржыланууда.
Буга чейин аталган жерде жөө өтмөк көпүрөнүн жоктугуна байланыштуу жергиликтүү тургундар көйгөйдү көтөрүп, социалдык тармактарга видеолорду жарыялашкан.
Жагдай менен таанышкан облус башчысы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө маселени чечүү жана көпүрөнүн курулушун белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча тапшырма берген.
