Бишкекте «Таза шаар» экологиялык конкурсуна катышкан мектептер сыйланды
Бишкек шаарындагы И. В. Гёте атындагы № 23 жалпы билим берүү мектебинде «Таза шаар» экологиялык конкурсуна активдүү катышкан мектептерди сыйлоо аземи болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Токтобүбү Ашимбаева, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Жаныбек Орозалиев жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
«Таза шаар» экологиялык конкурсу 2026-жылдын 1-мартынан 1-майына чейин өткөрүлүп, ага Бишкек шаарындагы 107 жалпы билим берүү мектеби катышты.
Конкурстун жыйынтыгында биринчи орунду № 117 жалпы билим берүү мектеби ээледи. Мектептин окуучулары 8 тоннадан ашык пластик калдыктарын чогултушкан. Жеңүүчү мектепке Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай улуттук коомунун колдоосу менен футбол талаасын курууга сертификат тапшырылды.
Экинчи орунду 7 тонна 700 килограмм пластик калдыктарын чогулткан № 68 жалпы билим берүү мектеби ээледи. Мектепке воркаут аянтчасын курууга сертификат тапшырылды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан № 49 жалпы билим берүү мектебине эки теннис үстөлү берилди.
Иш-чаранын алкагында спорттук шаймандарды сатып алууга сертификаттар да тапшырылды. Аларды борбор калаадагы 64 мектеп алды. Конкурска активдүү катышкан мектептерге кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.
Конкурстун негизги максаты — окуучулардын экологиялык маданиятын жогорулатуу, айлана-чөйрөнү коргоого жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу, пластик калдыктарын өзүнчө чогултуу маданиятын өнүктүрүү жана шаар тазалыгын сактоонун маанилүүлүгүнө коомчулуктун көңүлүн буруу.
