КРнын Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды
17 октябрь

КРнын Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

Бүгүн, 17-октябрда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды. Унаалар Чүй облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына берилет.

Жаңы техникалар чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, медициналык уюмдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана жергиликтүү тургундар үчүн кечиктирилгис медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Унааларды тапшыруу ата мекендик саламаттык сактоону өнүктүрүүгө жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга кызыкдар өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашты.

Бул колдоо тез медициналык жардам системасын чыңдоого жана медициналык кызматтарды өз убагында көрсөтүү үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.