Чүй облустук театры Талас шаарында эки спектакль коет
2026-жылдын 21–22-октябрында Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры Талас шаарында гастролдук иш-чараларды өткөрөт.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, гастролдун алкагында көрүүчүлөргө эки спектакль сунушталат.
21-октябрда белгилүү драматург Мар Байжиевдин чыгармасынын негизинде коюлган «Кыз-күйөө» драмасы көрсөтүлөт. Спектаклде адам тагдыры, үй-бүлөлүк мамилелер жана турмуштук баалуулуктар темалары чагылдырылат.
22-октябрда көрүүчүлөрдүн назарына «Сексендеги Сейненин 80-дискотекасы» комедиясы тартууланат.
Спектаклдер Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында өтөт.
Гастролдун максаты — театр искусствосун аймактарда жайылтуу, калктын маданий жашоосун байытуу жана театрлар аралык чыгармачылык байланышты бекемдөө.
Талас шаарынын тургундары 21–22-октябрь күндөрү Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында өтө турган спектаклдерди көрө алышат.
