Сүрөт ачык булактардан алынды
16 октябрь
Бишкек мэриясынын Транспорт департаментинин директору кызматынан бошотулду
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматта анын эмне себептен кызматтан алынгандыгы жазылган эмес.
