Бишкекте Шакиранын концертине карата коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Бишкекте дүйнөлүк жылдыз Шакиранын 2026-жылдын 18-октябрында «Бишкек Арена» стадионунда өтө турган концертине байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, масштабдуу эл аралык иш-чара өтө турган күнү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздайт.
Шаардык милиция концертке келген жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого, сак болууга жана жеке буюмдарына көз салууга чакырды.
«Эгерде кылмыштуу аракеттердин курмандыгы болсоңуз же шектүү жагдайларды байкасаңыз, дароо 102 номери аркылуу милицияга кайрылыңыз», — деп белгилешти мекемеден.
Мындан тышкары, «Бишкек Арена» стадионунун аймагына видеокөзөмөл камералары орнотулган. Иш-чара учурунда кырдаал кырдаалдык борбордун кызматкерлери тарабынан камералар аркылуу көзөмөлдөнөт.
