Кыргызстан 2027-жылы ТМУнун медиа жана маалымат боюнча жыйынын өткөрөт
Маданият министрлиги
16 октябрь

Кыргызстан 2027-жылы ТМУнун медиа жана маалымат боюнча жыйынын өткөрөт

2026-жылдын 16-октябрында— Казакстандын Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) медиа жана маалымат маселелери боюнча министрлеринин жана жогорку кызмат адамдарынын 8-жыйыны өтүүдө.

Иш-чара Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги жана ТМУнун Катчылыгы тарабынан уюштурулду.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева катышып, түрк мамлекеттеринин медиа тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү, маалымат жана контент алмашууну кеңейтүү, журналисттердин кесиптик байланыштарын чыңдоо боюнча демилгелерди сунуштады.

Ал Кыргызстанга Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын журналисттери үчүн уюштурулган таанышуу сапарлары тажрыйба алмашууга жана өлкөлөр ортосундагы маалыматтык кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Ошондой эле ТМУга мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууга активдүү катышуусу жалпы тарыхый жана маданий баалуулуктарды жайылтууда маанилүү роль ойногонун баса белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында Коммюнике кабыл алынып, ага кол коюлду. Ошондой эле Кыргызстан 2027-жылы ТМУнун медиа жана маалымат маселелери боюнча 9-жыйынын жана тиешелүү жумушчу топтун 14-жыйынын өткөрөрү маалымдалды.

Кыргыз Республикасы маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү, медиасабаттуулукту жогорулатуу жана жалган маалыматтарга каршы аракеттенүү багытындагы ишин улантууга даяр экенин ырастады.