Сүрөт ачык булактардан алынды
16 октябрь
Кыргызстан картошканы тыштан ташып келүүгө жарым жылга тыюу салды
Кыргызстанда картошканын ички өндүрүшү калктын жылдык керектөөсүн толук камсыз кылууга жетиштүү болгондуктан, анын импортуна 2027-жылдын 1-мартына чейин убактылуу чектөө киргизилди.
Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев кол койду.
Бул чектөө Кыргызстан аркылуу транзит аркылуу өтүүчү картошкага, илимий-изилдөө, сыноо жана башка атайын иш чараларды жүргүзүү үчүн ташып келинүүчү картошкага тиешеси жок.
Маалымат үчүн: Кыргызстан ички керектөөсү үчүн жылына 779 миң 700 тоннага жакын картошка иштетет. Учурда Кыргызстан өзүн-өзү картошка менен камсыздоосу 181,9 пайызды түзөт. 2026-жылы өлкөдө болжол менен 1 млн 249 миң 700 тонна картошка өндүрүлүшү күтүлүүдө.
