Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
16 октябрь
Бактыбек Анаркулов министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болду
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп Бактыбек Анаркулов дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Аны Суу ресурстары кызматынын жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — министр Эрлист Акунбеков тааныштырды.
Бактыбек Анаркулов 1965-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айылында туулган.
1987-1991-жылдары К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинен Гидротехник-инженер адистигин аяктаган. Ж. Баласагын атындагы КУУдан 1997-жылы Юридикалык билим алган.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды аркалаган, Аламүдүн районунун акими болгон.
