Кыргызстанда укуктук коргоонун стандарттары жогорулатылууда
2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда юридикалык өкүлчүлүктүн жаңы тартиби күчүнө кирет.
Юстиция министрлигинен кабарлашкандай, быйыл август айында кол коюлган мыйзам өлкөдөгү юридикалык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган. Анын негизги максаты — жарандарды шылуунадардан коргоо жана сот иштерин жүргүзүүнү квалификациялуу адистерге тапшыруу.
Жарандардын кызыкчылыктарын сотто коргоо үчүн юристтер Юридикалык өкүлдөрдүн бирдиктүү реестрине кирүүгө тийиш.
Бул үчүн төмөнкү талаптар коюлат:
• жогорку юридикалык билими болушу;
• адистиги боюнча кеминде бир жылдык иш стажы болушу;
• кеминде 80 академиялык сааттык атайын окуудан өтүшү.
Жаңы эрежелер юридикалык жардамдын бардык жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн сактоону жана бизнеске ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды жаратпоону эске алуу менен иштелип чыккан. Мыйзамда төмөнкү өзгөчө учурлар каралган:
1) Компаниялардын штаттык юристтери кошумча макам албастан жана Реестрге кирбестен, өз иш берүүчүлөрүнүн кызыкчылыктарын сотто коргоону уланта алышат.
2) Юристтер жетишсиз болгон райондордо Юстмин адистердин иш стажына жана билимине коюлган талаптарды убактылуу жеңилдетет.
3) Жаңы системанын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн даярдык алдын ала башталат. 2026-жылдын октябрынан тартып окуудан өтүп, Реестрге кирүүнү каалаган юристтердин арыздары кабыл алына баштайт.
Жакын арада Юстмин Адвокатура менен биргеликте окуунун тартиби жана документтерди тапшыруу жол-жобосу тууралуу кеңири түшүндүрмө берет.
Маалымат үчүн: 2026-жылдын 3-августунда кол коюлган юридикалык өкүлчүлүк маселелери боюнча мыйзам Кыргызстанда бирдиктүү жана ачык-айкын иш стандарттарына негизделген кесипкөй сот өкүлдөрүнүн институтун түзүүгө багытталган.
