МКУнун Бишкек филиалы жол кырсыгынан жабыркаган 57 жаранга 5 млн 230 миң сом камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек шаардык филиалы тарабынан жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган 57 жаранга жалпы 5 млн 230 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрү берилди.
Иш-чаранын алкагында жарандарга камсыздандыруунун мааниси, камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу тартиби жана жол кыймылынын эрежелерин сактоонун зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле катышуучулардын суроолоруна жооптор берилип, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана камсыздандыруу жаатындагы калктын маалымдуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Кыргыз Республикасынын бардык облустарында аймактык өкүлчүлүктөрү иш алып барат. Жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүү өлкө аймагында үзгүлтүксүз улантылып келет.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоого, камсыздандыруу маданиятын өнүктүрүүгө жана калкка жеткиликтүү камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүүгө багытталган иштерди улантууда.
