Кыргызстан боюнча токойлордун жалпы аянты 1 млн 273 миң гектарды түзөт
2024–2026-жылдар аралыгында 456 объектте 6 миң 419 гектардан ашык аянтта токой жайгаштыруу иштери жүргүзүлдү.
Жаратылыш ресурстары министрлигинен кабарлашкандай, учурда Мамлекеттик токой фондунун 100 пайызы санариптик маалыматтар менен камсыздалган. 2026-жылга карата санариптик карталар жана электрондук маалымат кампасы толук даярдалып, токойлордун сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү такталды.
Аталган иштердин жыйынтыгында токой ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, аймактарды өздөштүрүү жана экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү багытында туризм, гидроэнергетика жана кен казуу тармактарында тиешелүү иштер жүргүзүлүп, бир катар объекттер өз ишин улантууда.
Санариптештирүү — токой ресурстарын так эсепке алуу, аларды натыйжалуу башкаруу, коргоо жана келечек муундарга сактап калуунун маанилүү багыты.
Белгилей кетсек, учурда республика боюнча токойлордун жалпы аянты 1 млн 273,миң гектарды түзүп, өлкөнүн жалпы аймагынын 6,4 пайызын ээлейт. Анын ичинен экме токойлордун аянты 52 845,8 гектар.
Мамлекеттик токой фондунун жерлеринин токой баскан жалпы аянты 787 313,8 гектар болуп, анын ичинен 47 244,2 гектары экме токойлорго туура келет.
