президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү
16 октябрь
Араван районунда кубаттуулугу 10 МВт болгон күн электр станциясы курулат
Араван районунун Октябрь айылында кубаттуулугу 10 МВт болгон күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, облус башчысы Аманкан Кенжебаевдын төрагалыгы астында долбоорду ишке ашыруу планы талкууланды.
Жыйынга «Солар Энерджи Араван Групп» ЖЧКсынын өкүлдөрү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Жыйында Араван районунун Октябрь айылында пландалып жаткан күн электр станциясынын долбоорунун учурдагы абалы, жер тилкеси жана уруксат кагаздарын тариздөө маселелери талкууланды.
Ыйгарым укуктуу өкүл долбоордун энергетикалык коопсуздук жана инвестиция тартуу жаатындагы маанисин белгилеп, аны өз мөөнөтүндө ишке ашыруу үчүн тиешелүү органдарга тапшырма берди.
