Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт
2026-жылдын 22-октябрында саат 09:00дөн 00:00га чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
Шабдан Баатыр көчөсү - Субан Ата көчөсү - Анкара көчөсү - Чыгыш Чоң Чүй каналы (ЧЧК) - Молдокулов көчөсү - Ахунбаев көчөсү - Куйручук көчөсү - Чыгыш Чоң Чүй каналы (ЧЧК) - Курманжан Датка көчөсү - Анкара көчөсү - Аламүдүн суусу - Шабдан Баатыр көчөсү.
“ХБО” суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.
