Чүйдө балыкты кайра иштетүүчү завод ачылды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
16 октябрь

Чүйдө балыкты кайра иштетүүчү завод ачылды

15-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунда «Салих Аква» балык чарба кластеринин курамындагы заманбап балыкты кайра иштетүүчү завод ачылды.

Иш-чарага МинКаб төрагасынын орун басары — министр Эрлист Акунбеков катышты. Долбоор өлкөдө аквакультураны өнүктүрүүгө жана ата мекендик балык продукциясын кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүүгө багытталган.

Заводдун жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 3 миң тоннага чейин даяр балык продукциясын түзөт. Ишканада форель, осетр жана балыктын башка түрлөрү терең иштетилип, даяр продукциялар чыгарылат. Завод кластердин өзүнө таандык чарбалардан гана эмес, башка ата мекендик балык өстүрүүчүлөрдөн да чийки зат кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

«Салих Аква» балык чарба кластери өндүрүштүн толук циклин камтыйт. Анын негизги багыттарына жылына 5 миң тоннага чейин балык тоютун өндүрүү, балык икрасын инкубациялоо, чабактарды өстүрүү, форель жана осетр балыктарын багуу, кара икра өндүрүү жана балыкты терең кайра иштетүү кирет. 2022-жылдан бери кластерди өнүктүрүүгө жалпысынан 10 млн АКШ долларына жакын инвестиция тартылган.

Анын ичинен 6,355 млн долларын Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган.

Жаңы заводдун ишке кириши ата мекендик балыкты кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, кошумча наркы жогору продукцияларды чыгарууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзөт. Ошондой эле жергиликтүү балык өстүрүүчүлөр менен өндүрүштүк кызматташтыкты өнүктүрүүгө, импортко көз карандылыкты азайтууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.