Бишкекте автобустун мас айдоочусу алты унааны сүзүп, төрт адам жабыркады
видеодон алынган кадр
16 октябрь

Бишкекте автобустун мас айдоочусу алты унааны сүзүп, төрт адам жабыркады

Бишкекте 15-октябрда кечки саат 20:40 чамасында Чүй проспектиси менен Лермонтов көчөсүнүн кесилишинде №38 каттамдагы Zongtong автобусу алты унааны сүзгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, 1985-жылы туулган айдоочу автобусту Чүй проспектиси менен батышты көздөй башкарып бара жаткан. №190-үйгө жакындаганда ошол эле багытта жашыл жарыкка өтүп бара жаткан Kia K5, BMW X5, Changan, Kia K7, Toyota Camry жана Honda Accord үлгүсүндөгү унааларды сүзгөн.

Текшерүү учурунда айдоочу мас абалында болгону аныкталган.

Жол кырсыгынан төрт адам жабыркаган. Алардын экөө Улуттук госпиталга баш мээси чайкалган деген диагноз менен жеткирилип, медициналык жардамдан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Дагы эки адам көкүрөк жана моюн омурткаларынан жаракат алып, Чүй облустук ооруканасына кайрылган. Аларга да амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин Тез жардам борбору кырсыктан эркек киши жана бала жабыркаганын билдирген.

Учурда жол кырсыгы боюнча текшерүү жүрүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда. Анын жыйынтыгы менен мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.