видеодон алынган кадр
16 октябрь
Алыскы Зардалы айылына баруучу жолдун 6,4 чакырым тилкесине асфальт төшөлдү
Баткен облусундагы Зардалы айылына Кан-Тунук-Суу айылы аркылуу баруучу жолдун 6,4 чакырым тилкесине асфальт төшөө иштери толук аяктады.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашкандай, титулдук тизмеге ылайык, быйыл аталган тилкени асфальттоо пландалган.
Бүгүнкү күндө № 2 Жол эксплуатациялоо мекемеси белгиленген жумуштарды толугу менен бүтүрдү.
Жолдун оңдолушу алыскы тоолуу айылдын тургундары үчүн каттамды жеңилдетип, жол жүрүү шарттарын жакшыртууга өбөлгө түздү.
Жол оңдоо иштеринин сапаты жана аткарылышы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө уланууда.
