Ош шаарында шахмат боюнча Азия чемпионаты башталды
Ош мэриясы
16 октябрь

Ош шаарында шахмат боюнча Азия чемпионаты башталды

Бүгүн, 16-октябрда, Ош шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасындагы Азия чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Ош мэриясынан кабарлашкандай, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Кыргыз шахмат союзунун президенти катышты.

Кыргызстандын шахмат тарыхында алгачкы жолу өтүп жаткан бул эл аралык чемпионат 25-октябрга чейин уланат. Мелдешке Азиянын 11 өлкөсүнөн 74 шахматчы катышууда. Алар 50 жаштан жогорку жана 65 жаштан жогорку эркектер жана аялдар арасында күч сынашат.

Бул чемпионат Кыргызстандын спорт тарыхындагы маанилүү окуялардын бири болуп, Ош шаарынын эл аралык спорттук мелдештерди өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана шаардын эл аралык аброюн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Чемпионат Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен Кыргыз шахмат союзу жана Ош шаарынын жана Ош облусунун шахмат федерациясы тарабынан Азия шахмат федерациясынын жана ФИДЕнин алкагында уюштурулууда.