Бишкектин борборунда 21-25-октябрда унаа кыймылына чектөө киргизилет
2026-жылдын 21-октябрынан 25-октябрына чейин Бишкектин борборунда «АгроТехЭкспо – 2026» көргөзмөсүнө жана «Алтын күз» жарманкесине байланыштуу унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Иш-чаралар 23-25-октябрь күндөрү өтөт. Анда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн жана фермерлердин продукцияларынын жарманкеси, айыл чарба тармагындагы жетишкендиктердин көргөзмөсү, заманбап технологиялар жана айыл чарба техникалары көрсөтүлөт.
Даярдык көрүү жана иш-чараларды өткөрүү учурунда төмөнкү аймактарда унаа кыймылы чектелет:
- Раззаков көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
- Орозбеков көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
- Эски аянттын Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын аймагы.
Көргөзмөгө келгендер үчүн Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек филиалынын аймагында, мурдагы Тышкы иштер министрлигинин имаратынын жанында атайын унаа токтотуучу жай уюштурулат.
Чектөөлөр иш-чаралардын катышуучуларынын жана конокторунун коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилет.
Айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландап, айланып өтүүчү жолдорду тандап, жол белгилеринин талаптарын сактоо сунушталат.
