Баткен районунда эки бала бакча пайдаланууга берилди
Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Бужун айылында «Келечек Үмүтү» балдар бакчасы жана «Ак-Жолтой» балдар бакчасынын кошумча окуу корпусу пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлаштыю
Аталган объектилердин ачылышы айылдагы мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана тарбиялануучулардын санын көбөйтүүгө багытталган.
«Келечек Үмүтү» балдар бакчасы
Бужун айылынын Ынтымак жерлигинде жайгашкан «Келечек Үмүтү» мектепке чейинки билим берүү уюмунун курулушу үчүн жалпы 18 млн сом жумшалды.
Анын ичинен облустук өнүктүрүү фондунан 4 млн сом, райондук өнүктүрүү фондунан 5 млн сом, КОЙКА эл аралык уюмунан 2 млн сом жана Суу-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинен 7 млн сом бөлүнгөн.
Бир кабаттуу имаратта төрт окуу бөлмөсү, ички санитардык түйүн, ашкана жана от казан каралган. Долбоор боюнча 24 орунга ылайыкталган балдар бакчасына бүгүнкү күндө 50 бала тартылды.
«Ак-Жолтой» балдар бакчасынын кошумча окуу корпусу
Бакчанын негизги корпусу 100 орунду түзсө, бүгүнкү күндө 150 бала тарбияланып келет.
Жаңы окуу корпусу Ага Хан фондунун «Патрип» долбоорунун жана Суу-Башы айыл өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен курулду. Долбоордун наркы 11 млн 751 миң 106 сомду түзүп, айыл өкмөтү тарабынан 2 млн сом бөлүнгөн.
Бир кабаттуу жаңы корпуста эки окуу бөлмөсү, ички санитардык түйүн жана усулдук бөлмө каралган. Кошумча корпустун ачылышы менен балдар бакчасына дагы 30 баланы тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
