Кыргызстандын Россиядагы ишкердик байланыштары кеңейүүдө
КР СӨП
16 октябрь

Кыргызстандын Россиядагы ишкердик байланыштары кеңейүүдө

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы Россиянын аймактары менен соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөдө. Бул тууралуу КР Соода өнөр-жай палатасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-октябрда палатанын президенти Темир Сариев Россия Федерациясындагы эки өкүлгө расмий күбөлүктөрүн тапшырды.

  • Усупов Кажибек Жаныбекович — РФнын Түндүк-Батыш федералдык округундагы КР СӨПүнүн өкүлү.
  • Кошоев Данияр Канолбекович — РФнын Урал федералдык округундагы КР СӨПүнүн өкүлү.
  • Өкүлдөрдүн негизги милдети — кыргызстандык ишкерлерге жаңы өнөктөштөрдү табууга көмөктөшүү, ата мекендик продукцияны Россиянын рыногуна чыгаруу, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү.

КР СӨПү чет өлкөлөрдөгү өкүлдөрүнүн тармагын кеңейтүү аркылуу кыргыз бизнесине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.