Ысык-Көл жана Вологда облустары өз ара кызматташтыкты чыңдайт 
президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү
16 октябрь

Ысык-Көл жана Вологда облустары өз ара кызматташтыкты чыңдайт 

КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов Вологда облусунун өкмөтүнүн төрагасы Александр Мордвинов менен жолугушту. 

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 15-17-октябрь күндөрү Бишкек шаарында өтүп жаткан «EXPO EURASIA KYRGYZSTAN 2026» экинчи эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн жана Бишкек бизнес-форумунун алкагында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки аймактын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана социалдык-маданий байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар токой өнөр жайы, жыгач иштетүү, айыл чарба продукцияларын жеткирүү жана аквакультура тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле өз ара пайдалуу өнөктөштүктү бекемдөө жана эки аймактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу маселелери каралды.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусу менен Вологда облусунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланды. Тиешелүү жол-жоболор аяктагандан кийин документке кол коюу маселеси кошумча каралары белгиленди.

Жолугушуу аймактар аралык байланыштарды чыңдоого, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана келечектүү багыттар боюнча өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.