Кыргызстанда Татарстан менен биргеликте «Скат Про» заводу ачылды
Кыргызстанда энергетика жана инфраструктура объектилери үчүн продукция чыгарган «Скат Про» заводунун салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу КР СӨПтөн кабарлашты.
Ишкана Кыргыз Республикасынын энергетикалык кластерин өнүктүрүүнүн алкагында Татарстан менен кызматташтыкта түзүлгөн.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев катышты.
Заводдо өндүрүштү автоматташтыруунун заманбап технологиялары колдонулат. Бул продукциянын сапатын жогорулатууга, өндүрүштүн натыйжалуулугун арттырууга жана өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Темир Сариев мындай долбоорлордун маанисин белгилеп, Кыргызстан үчүн даяр продукцияны сатып алуудан биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө өтүү маанилүү экенин баса белгиледи.
Жаңы завод — Кыргызстан менен Татарстан ортосундагы өнөр жай кооперациясынын жана технологиялык кызматташтыктын практикалык натыйжасы.
