Президент Садыр Жапаров Ереванда COP17 Лидерлер саммитине келди
президенттин администрациясы
16 октябрь

Президент Садыр Жапаров Ереванда COP17 Лидерлер саммитине келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда, Армения Республикасынын Ереван шаарында өтүп жаткан БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинин ишине катышууда.

Мамлекет башчысын иш-чара өтүп жаткан “Меридиан” көргөзмө борборунан Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты.

COP17 Лидерлер саммитине бир катар мамлекеттердин башчылары, окумуштуулар, эл аралык экологиялык уюмдардын жетекчилери, эксперттер жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү да катышууда.

Саламдашуу жана жалпы сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин лидерлер Саммит өтүүчү залга бет алышты.

Иш-чаранын алкагында Куньмин-Монреаль глобалдык алкактык программасы боюнча кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышы каралып, экосистемаларды коргоого каржылоо тартууга багытталган ар кандай чаралар талкууланат. COP17 Лидерлер саммитинин жыйынтыгы боюнча “Еревандын аракет чакырыгы” аттуу саясий декларацияны кабыл алуу күтүлүүдө.