Кыргызстан Италиядагы эл аралык туристтик көргөзмөдө мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги
16 октябрь

Кыргызстан Италиядагы эл аралык туристтик көргөзмөдө мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды

Кыргызстан Италиянын Римини шаарында өтүп жаткан TTG Travel Experience эл аралык туристтик көргөзмөсүндө өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмөнүн алкагында Кыргызстандын улуттук стендинин расмий ачылышы болду. Ал өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык рынокто таанытууга багытталган.

Улуттук стенд Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин колдоосу менен уюштурулду. Иш-чарага Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду да катышууда.

Ачылыш аземине Кыргызстандын Италиядагы элчиси, Римини шаарынын мэри, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Италиядагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Көргөзмөгө Кыргызстандын туристтик компаниялары да катышып, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен байланыш түзүү, кызматташтыкты кеңейтүү, өлкөнүн туристтик продуктыларын Европанын рыногунда жайылтуу жана чет элдик туристтерди тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болууда.

Ошондой эле ата мекендик компаниялар туристтик маршруттарды жана кызматтарды тааныштырып, тажрыйба алмашып, келечектеги кызматташтыктын багыттарын талкуулашууда.