Ошто ири транспорттук түйүндүн курулушу башталды
Бүгүн, 16-октябрда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири — транспорттук түйүндүн курулушуна старт берди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Долбоор С. Жусуев, Курманжан Датка, Т. Касымбеков жана Б. Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде (“Достук” айлампасында) ишке ашырылат.
Курулуштун алкагында транспорттук жол түйүнү, 4 пандус, 8 тепкич жана жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк курулат. Ошондой эле унаалардын кыймылын жеңилдетүү үчүн айланма жолдор каралган.
Долбоордун жалпы аянты 6 603 чарчы метрди түзөт. Жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктүн аянты 1 622 чарчы метрди түзүп, диаметри 100 метр болот.
Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат. Долбоорду бир жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.
Жаңы транспорттук түйүн шаардагы жол кыймылын жакшыртууга, унаа тыгындарын азайтууга жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.
