Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору менен кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин талкуулады
президенттин администрациясы
16 октябрь

Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору менен кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда, Ереванда БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинин жүрүшүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугушту.

Тараптар билим берүү, илим, маданият, жаштар саясаты жана санариптик технологиялар тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоонун келечегин, ошондой эле тарыхый жана жаратылыш мурастарын сактоо маселелерин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын ЮНЕСКО менен кызматташуусунун маанилүүлүгүнө өзгөчө токтолуп, өлкө 2025-2029-жылдарга Уюмдун Аткаруу кеңешине шайланганын белгиледи.

2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкек шаарында өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун башкы директорун тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган Саммитке катышууга чакырды.

Мындан тышкары, Президент Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо үчүн БУУнун колдоосу астында эл аралык трасттык фонд түзүү боюнча Кыргызстандын демилгесин ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу айтып берди. Ал ЮНЕСКО тарабынан эксперттик колдоо көрсөтүлөрүнө, ошондой эле бул демилгени ишке ашырууга эл аралык өнөктөштөрдү тартууга Уюм көмөк көрсөтөрүнө ишеним артты.

Өз кезегинде Халед Аль-Анани Президент Садыр Жапаровдун COP17деги биологиялык ар түрдүүлүктү жана жаратылыш мурастарын сактоо маселелерине арналган сөзүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

ЮНЕСКОнун башкы директору Кыргызстандын көчмөн маданиятын сактоого жана жайылтууга кошкон салымын өзгөчө белгилеп, аны эл аралык деңгээлде таанытууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Халед Аль-Анани Кыргызстан менен академиялык, билим берүү жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын, өлкөнүн демилгелерин колдоого даярдыгын тастыктады.

Жолугушуунун соңунда тараптар өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.