Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик жактан жабдуу иштери аяктады
Сүрөт ачык булактардан алынды
16 октябрь

Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик жактан жабдуу иштери аяктады

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик жактан жабдуу боюнча ири масштабдуу иштерди аяктады.

2025–2026-жылдары Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы узундугу 327,7 чакырымдан ашык чек ара тосмолору орнотулуп, 338,5 чакырым талаа жолдору салынды.

2025-жылы Баткен жана Лейлек райондорунда 149,6 чакырымга жакын чек ара тосмолору орнотулган.

Ал эми 2026-жылдын 2-мартынан 16-сентябрына чейин дагы 178,1 чакырым тосмо орнотулду.

Ошону менен катар чек ара тилкелерине жетүүнү, өздүк курамдын жана техниканын эркин жүрүшүн камсыз кылуу үчүн талаа жолдорун салуу иштери жүргүзүлдү. 2025-жылы 171,2 чакырым, 2026-жылы дагы 167,4 чакырым жол салынды. Натыйжада алардын жалпы узундугу 338,5 чакырымды түздү.

Мамлекеттик чек араны инженердик жактан жабдууда тосмолордун ар кандай түрлөрү колдонулду. Алардын конструкциялары жердин рельефине, табигый шарттарына жана мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү өзгөчөлүктөрүнө жараша тандалды.

Иштер түздүктөрдө гана эмес, тоолуу, бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда да жүргүзүлдү. Айрым тилкелерде тик капталдар, татаал рельеф, курулуш материалдарын жана техниканы жеткирүүдөгү кыйынчылыктар иштин жүрүшүн кыйла татаалдаштырды.

Инженердик иштерди аткарууга Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчылары менен бирге Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын тиешелүү бөлүктөрү да катышты.

Мамлекеттик органдардын өз ара тыгыз жана ырааттуу кызматташуусунун натыйжасында чек аранын эң татаал жана жетүүгө кыйын тилкелеринде да ири масштабдуу инженердик иштерди аткарууга мүмкүн болду. Курулуштун бардык этаптарында орнотулган тосмолордун сапатына жана техникалык талаптардын сакталышына туруктуу көзөмөл жүргүзүлдү.

Аткарылган иштердин жыйынтыгында бул маанилүү милдетти ишке ашырууга катышкан аскер кызматчылары жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президенти — Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Нургожоевич Жапаровдун атынан сыйланышты. Муну менен алардын жогорку кесипкөйлүгү, ак ниет кызматы жана мамлекеттик чек араны бекемдөөгө кошкон салымы бааланды.