Кыргызстандык ишкерлерге Кытайдын Гуйчжоу провинциясында жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Санжар Дыйканов Кытайдын Гуйчжоу провинциясынын Эл аралык сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүү комитетинин делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу уюмдан кабарлашты.
Делегациянын курамында комитеттин башкы катчысы Ван Хунбо, көргөзмөлөрдү уюштуруучу компаниянын башкы директору Ван Бинь жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн инспектору Чжан Вэньюн болду.
Жолугушууда кыргызстандык ишкерлерди 2027-жылдын сентябрында Гуйчжоуда өтүүчү эл аралык көргөзмөгө катышууга чакырышты. Ага Кытайдын 34 провинциясынын өкүлдөрү катышат. Кыргыз компаниялары алкоголдук ичимдиктерден башка продукцияларын көрсөтө алышат.
Ошондой эле энергетика, курулуш, трансформатор өндүрүү жана шаар куруу тармактарында өнөктөштөрдү табуу үчүн Гуйчжоуга бизнес-сапар уюштуруу сунушталды. Тараптар кызматташтыкты улантып, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жолдорун талкуулоону макулдашты.
