ИИМ экстремисттик ишмердүүлүккө тартылуу коркунучу тууралуу эскертет
Сүрөт ачык булактардан алынды
16 октябрь

ИИМ экстремисттик ишмердүүлүккө тартылуу коркунучу тууралуу эскертет

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга жана экстремисттик, радикалдык идеяларды жайылткан уюмдардын ишмердүүлүгүнө тартылууга жол бербөөгө чакырат.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, соттор тарабынан террористтик же экстремисттик деп таанылган уюмдардын жана маалыматтык материалдардын расмий тизмеси Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сайтында жайгаштырылган. Жарандар аталган тизме менен төмөнкү шилтеме аркылуу өз алдынча тааныша алышат: https://prokuror.kg/.../perechen-organizatsiy-i...

Мындай уюмдар өздөрүнүн көз караштарын жайылтуу, жаңы мүчөлөрдү тартуу жана жарандарды мыйзамсыз аракеттерге түртүү максатында социалдык тармактарды, мессенжерлерди жана жеке байланыштарды колдонушат. Жарандарды мындай ишмердүүлүккө тартуу жабык топторго кошулууга чакыруудан, интернеттеги талкууларга катыштыруудан же коркунучсуз жарыялардын атын жамынып, ар кандай материалдарды таратуудан башталышы мүмкүн.

Тыюу салынган террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышуу, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда экстремисттик мүнөздөгү башка укукка каршы аракеттерди жасоо кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет.

Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги жарандарды келип түшкөн маалыматтарга кылдат мамиле кылууга, мындай уюмдарга кошулуу тууралуу сунуштарга алдырбоого жана экстремизмди пропаганда кылган материалдарды таратпоого чакырат.

Мыйзамдарды билүү жана жайылтылып жаткан маалыматтарга кылдат мамиле кылуу укукка каршы ишмердүүлүккө тартылуунун алдын алууга, ошондой эле өзүңүздү жана жакындарыңызды анын кооптуу кесепеттеринен коргоого жардам берет.