Шаарлар арасында сунушталган эң жогорку айлык акы Жалал-Абадда, тармактар арасында менеджментте катталды
15 октябрь

Шаарлар арасында сунушталган эң жогорку айлык акы Жалал-Абадда, тармактар арасында менеджментте катталды

2026-жылдын III чейрегинин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы шаарлардын ичинен сунушталган медианалык айлык акынын эң жогорку көрсөткүчү Жалал-Абадда катталып, 60 миң сомду түздү. Бул тууралуу headhunter.kg эмгек рыногу боюнча серепте маалымдалды.

Бишкекте сунушталган медианалык айлык акы 59,3 миң сомду, Ошто 55,8 миң сомду түздү.

Жалпысынан Кыргызстан боюнча сунушталган медианалык айлык акы 59 миң 834 сомго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,8%га өскөн.

Шаарлардын ичинен айлык акынын эң олуттуу өсүшү Токмокто катталып, 21,8%га жогорулап, 51 миң 786 сомду түздү. Кадамжайда эмгек акы сунуштары 13,4%га өсүп, 45 миң 86 сомго, ал эми Кара-Балтада 11,1%га жогорулап, 50 миң сомго жетти.

Ошол эле учурда Кантта айлык акы сунуштары 15,4%га төмөндөп, 55 миң сомду, Караколдо 8,3%га азайып, 55 миң сомду, Балыкчыда 7,4%га төмөндөп, 46 миң 402 сомду түздү.

Кесиптик тармактардын арасында эң жогорку медианалык айлык акы жогорку жана орто звенодогу менеджерлерге сунушталып, 100 миң сомду түздү.

Чийки зат казып алуу жана камсыздандыруу тармактарында бул көрсөткүч 80 миң сомдон, автоунаа бизнесинде 74 миң 246 сомдон, маркетинг, жарнама жана PR тармагында 73 миң 49 сомдон, курулуш жана кыймылсыз мүлк тармагында 70 миң 462 сомдон болду.

Ал эми каралган тармактардын ичинен эң төмөнкү айлык акы сунуштары коопсуздук тармагында — 32,5 миң сом, административдик персонал арасында — 45 миң сом, медицина жана фармацевтика тармагында 47 миң 148 сом өлчөмүндө катталды.