Кыргызстан тууралуу XVIII–XX кылымдарга таандык сейрек китептер мамлекеттик китеп палатасына тапшырылды
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасынын фондуна ишкер Алексей Губарев тарабынан тарыхый жана илимий мааниге ээ болгон сейрек басылмалар белекке берилди.
Белекке берилген 17 аталыштагы китеп 1795–1943-жылдар аралыгын камтыйт. Алар Кыргызстан менен Борбордук Азиянын тарыхын, географиясын, этнографиясын жана маданий мурасын изилдөөдө маанилүү булак болуп саналат.
Алардын арасында Түркстан, Кокон хандыгы жана Кыргызстандын тарыхый-маданий өткөнүнө арналган эмгектер бар. Өзгөчө баалуу басылмалардын катарында 1886-жылы жарык көргөн В. Наливкиндин «Краткая история Кокандского ханства» аттуу эмгеги, В. П. Семёнов-Тян-Шанскийдин редакциясы астында чыккан «Полное географическое описание нашего Отечества» жыйнагынын «Киргизский край» (1903) жана «Туркестанский край» (1913) томдору орун алган.
Ошондой эле археолог А. Н. Бернштамдын 1941 жана 1943-жылдары жарык көргөн, аз нускада басылып, сейрек сакталып калган илимий эмгектери да тапшырылды.
Мамлекеттик китеп палатасынын директору Жылдыз Бакашованын айтымында, белекке берилген айрым басылмалар республиканын китеп фонддорунда мурда болгон эмес. Бул эмгектер Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын изилдеген окумуштуулар, студенттер жана басма тармагынын өкүлдөрү үчүн маанилүү булак болуп саналат.
Алексей Губарев өз кезегинде Кыргызстан тууралуу жазылган тарыхый китептер дал ушул жерде сакталып, изилдөөчүлөргө жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи.
Белекке берилген басылмалар белгиленген тартипте мамлекеттик эсепке алынып, Мамлекеттик китеп палатасынын фондуна сактоого өткөрүлөт. Бул демилге өлкөнүн тарыхый жана маданий мурасын сактоого, ошондой эле улуттук китеп фондун байытууга кошулган маанилүү салым болуп саналат.
