Кум-шагыл казып алуу боюнча лицензияны эми Жаратылыш ресурстары министрлиги бериши мүмкүн
Жогорку Кеңештин жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мыйзам долбоору каралды. Анда өлкөдөгү бардык кен байлыктарын жана лицензия берүү тартибин көзөмөлдөөнү министрлик өзүнө алууну сунуштаган.
Аталган министрликтин жетекчисинин орун басары Амантур Турсуниязов белгилегендей, учурда Кыргызстанда кум-шагыл, чопо казуу боюнча 1 154 лицензия берилген, анын 503ү гана иштеп жатат.
“Күбөлүк алып, керегинче казып алат, бирок канча казып алганы жана канча салык төлөгөнү тууралуу маалымат жок болуп калат. Кесипкөйлөр болбогондуктан иш жакшы жүрбөй жатат. Ошондуктан биз муну өзүбүзгө алсак, кум-шагыл казып алуучу тарап бизге кайрылат, а биз аукционго чыгарабыз”, – деди ал.
Ошондой эле орун басардын айтымында, лицензияны күрөөгө коюуга тыюу салынат. Мисалы, 2018-жылы 19 лицензия күрөөгө коюлган, 2019-жылы – 5, 2020-жылы – 2, 2021-жылы – 1, 2024-жылы – 2.
“Биз эми мындай кылууга тыюу салабыз. Анткени мамлекетке келген инвестор акчасы менен келиши керек. Бизден алган лицензияны башка жакка алып барып күрөөгө коюп, акча таап, анан келип иштеткен жарабайт”, –деди Турсуниязов.
