Ала-Бука жана Чаткал районунда жаратылышты бузган алтын компанияларын жоопкерчиликке тартуу сунушталды
15 октябрь

Ала-Бука жана Чаткал районунда жаратылышты бузган алтын компанияларын жоопкерчиликке тартуу сунушталды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жайлообай Нышанов Чаткал жана Ала-Бука районунда чачыратма алтын боюнча 100дөн ашуун лицензия берилгенин белгилеп, бүгүнкү күндө канчасы иштеп жатканына жана канчоосунун лицензиясы кайтарылып алынганына кызыкты. 

Эске салсак, Жогорку Кеңеш КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мыйзам долбоорун карады. Анда аталган министрлик өлкөдөгү бардык кен байлыктарды көзөмөлдөө, кендерге лицензия берүү милдеттерин толугу менен өзүнө алууну сунуштоодо.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Амантур Турсуниязовдун айтымында, Чаткал районунда 30дан ашуун лицензия берилген. Ал эми лицензияны кайтарып алуу боюнча учурда комиссия иштеп жатат жана жыйынтыгы 30-октябрда чыгарылат.

Депутат аталган райондордо алтын казып бүткөндөн соң ордун рекультивация кылбай кеткен фирмалар болоорун белгиледи. Ал мындай фирмаларды тактап, баарын жоопкерчиликке тартууну сунуштады.

“Жер бузулду, аны, жок болуп кеткен көп жылдык өсүмдүктөрдү калыбына келтириши керек. Бир гана бул эмес, жайыт жерлер да бузулуп кеткен. Мага жергиликтүү тургундар ушул маселе боюнча өтө көп кайрылышат. Фирмаларды тартипке салып бериңиздер. Мен сиздерге бул боюнча көп кайрылдым, бирок жыйынтык жок”, – деди Нышанов.