Садыр Жапаров Баку конгресс-борборуна АӨИЧК жетинчи саммитине катышууга келди
президенттин администрациясы
15 октябрь

Садыр Жапаров Баку конгресс-борборуна АӨИЧК жетинчи саммитине катышууга келди

Кыргыз Республикасынын П=президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышуу үчүн Баку конгресс-борборуна келди.

Мамлекет башчысын Азербайжандын президенти Ильхам Алиев тосуп алды.

Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегациялардын башчылары форумга катышуу үчүн залга өтүштү.