Бишкекте KYRGYZSTAN EXPO 2026 жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN көргөзмөлөрү ачылды
КР СӨП
15 октябрь

Бишкекте KYRGYZSTAN EXPO 2026 жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN көргөзмөлөрү ачылды

Бишкек шаарындагы «Жаштык Аренада» бүгүн, 15-октябрда KYRGYZSTAN EXPO 2026 жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN 2026 эл аралык көргөзмөлөрүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан кабарлашты. 

Ири ишкердик иш-чарага ар кайсы өлкөлөрдүн ишкерлери, өндүрүшчүлөрү, инвесторлору жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.

Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, мамлекеттик органдардын, чет өлкөлүк делегациялардын жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Эрлист Акунбеков өз сөзүндө Министрлер Кабинети ишкердикти өнүктүрүүгө, эл аралык экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Ошондой эле ата мекендик ишканаларды колдоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо багытындагы иштери үчүн Соода-өнөр жай палатасына ыраазычылык билдирди.

Ачылыш аземинде Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун атынан жолдонгон куттуктоо кайрылуусу окулду. Анда кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүнүн мааниси жана соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.

Көргөзмөнү ачып жатып, Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев иш-чараны күзгү түшүмгө салыштырды.

«Бүгүн биз ачып жаткан көргөзмө — бул биздин жалпы күзгү жарманкебиз. Бул жерде ишкерлер жыл ичинде жетишкен ийгиликтерин көрсөтүп, жаңы түшүмдүн — жаңы өнөктөштүктөрдүн, келишимдердин жана долбоорлордун пайдубалын түптөшөт», — деди ал.

Палатанын президенти белгилегендей, өткөн жылга салыштырмалуу көргөзмөнүн масштабы кеңейип, катышуучулардын саны өстү.

4 миң чарчы метрден ашык аянтта 100гө жакын компаниянын продукциясы жана кызматтары көрсөтүлүүдө. Эл аралык көргөзмөгө Россия, Кытай, Түркия, Пакистан, Казакстан, Өзбекстан, Япония жана Корея Республикасынан келген компаниялар катышууда.

Көргөзмөдө өнөр жай, курулуш, айыл чарба, энергетика, тоо-кен тармагы, транспорт, маалыматтык технологиялар, саламаттык сактоо жана туризм багытындагы продукциялар, технологиялар жана кызматтар сунушталууда.

Темир Сариев KYRGYZSTAN EXPO көргөзмөсүнө жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чара макамын берүү жана аны өлкөнүн башкы эл аралык көргөзмө аянтчасына айландыруу демилгесин көтөрдү. Бул сунушту колдоо өтүнүчү менен Министрлер Кабинетинин өкүлдөрүнө кайрылды.

«Соода өлкөлөрдү жакындатат, өндүрүш экономиканы бекемдейт. Атаандаштык сапатты жаратат, кызматташтык жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бирок бизнестин эң баалуу жетишкендиги — адамдардын ортосундагы ишеним. Чоң өнөктөштүк дал ушул ишенимден башталат!» — деп белгиледи Темир Сариев.

Көргөзмөлөрдү уюштуруучулар — Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жана «Зарубеж-Экспо» компаниясы.

15–17-октябрь күндөрү тармактык талкуулар, Бишкек бизнес-форуму, B2B жолугушуулар жана ишкерлердин түз сүйлөшүүлөрү өтөт. Негизги максат — ишкердик байланыштарды жаңы инвестицияларга, биргелешкен өндүрүштөргө жана реалдуу келишимдерге айландыруу.

KYRGYZSTAN EXPO — Кыргызстан өз мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө тааныткан, ал эми эл аралык бизнес Кыргызстандагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан аянтча.