Турсунбаев Чаткалда алтын казуудан улам “бомба түшкөндөй болуп жаткан жерлерди” калыбына келтирүүнү талап кылууда
15 октябрь

Турсунбаев Чаткалда алтын казуудан улам “бомба түшкөндөй болуп жаткан жерлерди” калыбына келтирүүнү талап кылууда

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азизбек Турсунбаев Чаткал районунда чачыранды алтын алып иштетип, бирок кайра ал жерлерди рекультивация кылбай качып кеткен фирмалар көп экенин билдирди.

Ал ошондой эле жаратылыш ресурстары министринин орун басары Амантур Турсуниязовдун буга чейин айткан сөзүн оңдоду.

“Сиз Чаткал районунда чачыранды алтын иштеткенге 30дан ашык лицензия берилген деп жатасыз. Туура эмес айттыңыз. Учурунда ал жакта 158 лицензия берилген. Даярданып келбейсизби, билбей эле болжолдоп урдура бересизби?” – деди депутат.

Ошондой эле лицензиянын так санынан тышкары, анын канчоосу артка кайтарылып, канчоосу иштеп жатканы тууралуу да министрдин орун басарынын маалыматы жоктугуна нааразы болду.

“Чаткалда да, Ала-Букада да көп лицензия берилген. Иштетип бүткөндөн кийин рекультивация кылбай качып кеткендер да көп. Азыр ал жерлер бомба түшкөндөй болуп жатат. Алтын кендер рекультивация депозитине канча сумма салышат?” – деп сурады депутат.

Турсуниязовдун айтымында, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бул багытта жакшы иштерди жүргүзүп жатат. Азыр компаниялар экологиялык экспертизадан өтөөрдөн мурун долбоору менен тааныштырышат жана тарифтерге ылайык аларга жыл сайын төлөнүүчү сумма бекитилет.

“Лицензия алаары менен мамлекеттик банктарга рекультивация эсептерин ачуу шарты коюлат. Бүгүнкү күндө рекультивациялык депозитте 13 млн 428 миң 504 сом турат. Бул “Кумтөрдү” кошпогондо, анысы – 66 миллион сомдон ашуун”, – деди ал.

Турсунбаев бул өтө аз сумма экенин билдирди. Аны менен катар Чаткал жана Ала-Букадагы кен казуудан кийин бузулган жерлерди калыбына келтирүүнү талап кылды.

“Комиссияны тездетиңиздер. Сиздер жыйынтык чыгаргыча, кыш келип калмай болду”, – деди депутат.