Чаткал районунда “Чаарат ЗААВ” алтын өндүрүү ишканасынын курулушуна капсула салынды
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
15 октябрь

Чаткал районунда “Чаарат ЗААВ” алтын өндүрүү ишканасынын курулушуна капсула салынды

Бүгүн, 15-октябрда Чаткал районунда “Чаарат ЗААВ” компаниясынын өндүрүштүк ишканасынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев катышты.

“Чаарат ЗААВ” компаниясы 2021-жылдан бери Чаткал районунда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, Түлкүбаш жана Кызылташ алтын долбоорлорун өнүктүрүү багытында иш алып барып келген. Түлкүбаш участкасына болжол менен 156 миллион АКШ доллары, ал эми Кызылташ долбоорун өнүктүрүүгө 400 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуу каралган.

Учурда компанияда 129 адам эмгектенет, алардын 51и Чаткал районунун тургундары. Долбоор толук ишке ашырылганда 600гө жакын жумуш ордун түзүү пландалууда.

Облус башчысы Тилек Текебаев инвестициялык долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылууга, жаштарды кесиптик жактан даярдоого жана алардын квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле жергиликтүү жаштардын арасынан жөндөмдүү кадрларды тандап, аларга жооптуу кызматтарда иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүү маанилүү экенин айтты.

Мындан тышкары, облус башчысы тоо-кен тармагындагы иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүп, экологиялык, өндүрүштүк коопсуздук жана эмгекти коргоо талаптары так сакталышы керектигин баса белгиледи. Долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктары эске алынып, алардын мыйзамдуу укуктары корголушу зарыл экенин белгиледи.

Компания менен жергиликтүү администрациянын ортосундагы кызматташтыктын алкагында жыл сайын 14 миллион сом өлчөмүндө социалдык колдоо көрсөтүү каралган. Бул каражаттар жергиликтүү калктын муктаждыктарын чечүүгө жана социалдык шарттарды жакшыртууга багытталат.