Бишкекте тарыхый эстеликтерди коргоо жана түрк дүйнөсүнүн мурасын сактоо маселеси талкууланды
Маданият министрлиги
15 октябрь

Бишкекте тарыхый эстеликтерди коргоо жана түрк дүйнөсүнүн мурасын сактоо маселеси талкууланды

Бишкек шаарында 25-октябрда «Түрк дүйнөсүндөгү археологиялык казуулар, изилдөөлөр жана археометрия» аттуу эл аралык симпозиум ишин баштады. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Кыргыз улуттук тарых музейинин директору Назгүл Өмүрзакова жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору Алпаслан Жейлан катышууда.

Симпозиум Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин, ошондой эле Түрк археологиясы жана маданий мурасы институтунун стратегиялык колдоосу менен уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты — гуманитардык чөйрөдөгү мамлекеттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү, тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана археологиялык изилдөөлөрдү өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу.

Симпозиумдун алкагында тарыхый эстеликтерди коргоо, дисциплиналар аралык илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана түрк мамлекеттеринин музейлеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланууда.

Симпозиумдун иши 16-октябрда жыйынтыкталып, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин активдештирүү жана тажрыйба алмашуу үчүн бирдиктүү аянтчаларды түзүү боюнча сунуштарды кабыл алуу менен аяктайт.