Кыргызстанда аялдардын укугун коргоодо диний лидерлердин ролун күчөтүү сунушталууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
15 октябрь

Кыргызстанда аялдардын укугун коргоодо диний лидерлердин ролун күчөтүү сунушталууда

Кыргызстанда аялдардын укуктарын коргоо жана терс стереотиптерди жоюу иштерине диний уюмдарды жана лидерлерди активдүү тартуу сунушталууда. Бул тууралуу 2027–2030-жылдарга карата «Кыргыз жараны» жарандык биримдикти өнүктүрүүнүн улуттук программасынын долбоорунда айтылат. Документ коомдук талкууга коюлду.

Программада социалдык жана маданий тоскоолдуктардан улам аялдардын жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө катышуусу чектелүү бойдон калганы белгиленген.

Документте басмырлоого жол бербөө, гендердик зомбулукка жана аялдар менен кыздардын кадыр-баркын тебелеген көрүнүштөргө каршы күрөшүү милдеттери каралган.

Ошондой эле аялдар менен жаштардын жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө жана коомдук демилгелерге катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү сунушталууда.