Араван районунда Жаштар борбору ачылды 
президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү
15 октябрь

Араван районунда Жаштар борбору ачылды 

Араван районунун Достук айыл аймагына караштуу Пахта-Абад айылында Жаштар борбору пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү 15-октябрда кабарлады. 

Борбор айылдык маданият үйүнүн базасында уюштурулган. 

Иш-чарага облус башчысы Аманкан Кенжебаев, коңшу Өзбекстандан келген делегация өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар, жаштар жана айыл тургундары катышты.

Иш-чара эки элдин достугун жана ынтымагын бекемдөө максатында уюштурулуп, концерттик программа жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү менен коштолду.

Өкүл Аманкан Кенжебаев өз сөзүндө жаңы борбор жаштардын бош убактысын натыйжалуу уюштурууга, маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө, чыгармачылык демилгелерин колдоого жана коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга чоң шарт түзөрүн белгиледи.

Бул долбоор райондук деңгээлдеги социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жаш муундун ар тараптуу өнүгүүсү үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү социалдык долбоор болуп саналат.