Улуттук онкология жана гематология борборунун жамаатына жаңы жетекчиси тааныштырылды
15 октябрь

Улуттук онкология жана гематология борборунун жамаатына жаңы жетекчиси тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Улуттук онкология жана гематология борборунун жамаатына борбордун жаңы жетекчисин тааныштырды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, Бебезов Бахадыр Хакимович Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун директору болуп дайындалды.