Акунбеков: Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 5 жылда эки эсеге өстү
15 октябрь

Акунбеков: Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 5 жылда эки эсеге өстү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “EXPO Евразия Кыргызстан 2026” экинчи эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө жана “Кыргызстан EXPO 2026” эл аралык көп тармактуу көргөзмөсүнө катышты. 

Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кыргыз Республикасынын өнөр жайы оң динамиканы көрсөтүп жатканын билдирди. 

“Акыркы беш жылдын ичинде өлкөдө өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү эки эседен ашыкча өстү. Анын көлөмү 2021-жылы 4,024 миллиард доллар болсо 2025-жылы 9,014 миллиард долларга жетти. Маселен, 2024–2025-жылдары Кыргызстанда жалпы инвестициялык көлөмү 1,5 миллиард долларынан ашкан 221 өнөр жай объектиси ишке киргизилди. Өнөр жай саясатын жигердүү ишке ашыруу 2026-жылы да улантылып, 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландаштырылууда. Бүгүнкү күнгө карата 66 өнөр жай объектиси ишке киргизилди. Бул көрсөткүчтөрдүн артында жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктар, жумуш орундарын түзүү, заманбап технологияларды киргизүү жана жаңы өнөр жай компетенцияларын өнүктүрүү турат. Ошол эле учурда, биздин максатыбыз – жөн гана ишканалардын санын көбөйтүү эмес. Кыргызстан ички суроо-талапка, ошондой эле чет мамлекеттердин рынокторуна багытталган өндүрүш ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Кыргыз Республикасы инвестициялык климатты жакшыртууга жана ишкердик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган ырааттуу саясатты жүргүзөт. Өлкө мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын жогорулатууга жана административдик тоскоолдуктарды азайтууга багытталган бир катар институционалдык жана экономикалык реформаларды ишке ашырды”, – деп билдирди Эрлист Акунбеков. 

Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө – Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Кытай Эл Республикасы, Түркия Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Пакистан Ислам Республикасы сыяктуу бир кататр мамлекеттердин 100го жакын өндүрүштүк компаниялары катышууда.

Кыргыз Республикасынан экономиканын ар түрдүү тармактарындагы, анын ичинде курулуш, өндүрүш, энергетика, транспорт жана логистика, каржы, айыл чарба жана тейлөө чөйрөлөрүндөгү ата мекендик ишканалар өздөрүнүн продукцияларын көргөзмөгө койду.

Үстүбүздөгү жылдын 15-17-октябрь күндөрү боло турган көргөзмөнүн алкагында кеңири ишкердик программасы, анын ичинде Бишкек бизнес-форуму, тармактык тегерек столдор, эки тараптуу B2B жолугушуулар, ошондой эле инвестициялык жана өнөр жай долбоорлорунун бет ачарлары өткөрүлөт.

Мындай масштабдуу иш-чаранын максаты – эл аралык өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүүгө, кыргызстандык ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, инвестиция тартууга жана ишкерлердин ортосунда түз бизнес-байланыштарды орнотууга өзгөчө көңүл буруу.