Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинде JICA өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
15 октябрь

Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинде JICA өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

2026-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинде Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аба кемелерин векторлоо жана алардын ылдамдыгын башкаруу жаатында аба кыймылын башкаруу диспетчерлеринин инструкторлорун, ошондой эле ИКАОнын PANS-OPS (Procedures for Air Navigation Services — Aircraft Operations) жол-жоболоруна ылайык учуу схемаларын иштеп чыгуу боюнча адистерди даярдоо долбоорун ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Долбоордун негизги багыттарына, окуу процессин уюштурууга, авиация адистеринин квалификациясын жогорулатууга, анын ичинде учуу схемаларын долбоорлоонун эл аралык стандарттарын жана ыкмаларын өздөштүрүүгө, ошондой эле долбоорду практикалык ишке ашыруунун кийинки этаптарына өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар авиация адистеринин кесиптик потенциалын өнүктүрүүгө, учуулардын коопсуздугун жогорулатууга жана Кыргыз Республикасында аба кыймылын уюштуруу системасын өркүндөтүүгө багытталган кызматташтыкты улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.