Кыргызстан менен Хорватия экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады
14-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Хорватиянын Кыргызстандагы Элчиси Рефик Шабанович менен жолугушту.
Тараптар соода, инвестиция жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле кош салык салууну болтурбоо боюнча макулдашууну талкуулашты.
2021–2025-жылдары эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 4,1 эсеге өскөн. Ал эми 2026-жылдын январь–июль айларында соода көлөмү 1,4 млн долларды түзүп, 32,4%га көбөйгөн.
Жолугушуунун жыйынтыгында кош салык салууну болтурбоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундун 2027-жылдын апрелинде Бишкекте өткөрүү макулдашылды.
