Бишкекте жыл башынан бери мыйзамсыз орнотулган 98 шлагбаум алынган
видеодон алынган кадр
14 октябрь

Бишкекте жыл башынан бери мыйзамсыз орнотулган 98 шлагбаум алынган

Бишкекте 2026-жылдын башынан бери мыйзамсыз орнотулган 98 шлагбаум алынган. Бул тууралуу борбор калаа мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Муниципалитеттен белгилешкендей, коомдук аймактарга жана көп кабаттуу үйлөрдүн алдына тиешелүү уруксатсыз шлагбаум орнотууга тыюу салынат.

Башкармалык мыйзамсыз орнотулган шлагбаумдарды жана башка тосмолорду аныктоо боюнча рейддерди үзгүлтүксүз өткөрүп, аларды алып салуу иштерин жүргүзөт.

Мындай мыйзам бузууларды байкаган шаар тургундарына «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу билдирүү жөнөтүү сунушталды.